Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:17

АКШ прокуратурасы Трампка байланыштуу жаңы документти жарыялады


Майкл Коэн

АКШнын федералдык прокуратурасы жана атайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылдагы президенттик шайлоо алдында Орусиянын таасири тууралуу жаңы документ жарыялады. Анда Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын бири орус бийлиги менен байланышта болгону айтылат.

Трамптын адвокаты болгон Майкл Коэндин ишин карап жаткан атайын кайрылууда прокурор Мюллер айыпталуучунун тергөөгө жардамын эске алууга чакырды.

Маалыматка ылайык, Коэн 2015-жылы эле орус бийлигине жакын адам Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусун уюштурууну сунуштаганын айтып берген.

Ал учурда Дональд Трамптын Москвада көп кабаттуу имарат курууга аракет кылганы белгилүү.

Коэн Трамптын акыркы эки жылдагы орус бийлигинин өкүлдөрү менен катнаштарын ачыкка чыгарган. 7-декабрда жарыяланган Роберт Мюллердин дагы бир катында Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт тергөө менен кызматташууга убада бергени менен, жалган жана жарым-жартылай маалымат бергени айтылган.

Жалган көрсөтмөлөр Манафорттун Украинадагы лоббисттик фирмасынын башчысы Константин Килимникке байланыштуу болгон. Манафортко карата Украинадагы лоббисттик ишмердиги боюнча айыптар тагылган эле.

XS
SM
MD
LG