Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жалал-Абадда журналисттер спорттук иш-чарада күч сынашууда


Спорттук мелдеш Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына жана телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулду. Аны Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад обласундагы бөлүмү жана Жалал-Абад мэриясы менен бирге уюштурган.

Мелдеште облустагы журналисттер кичи футбол жана волейбол оюну боюнча күч сынашууда. Жалпысынан 11 команда катышып жатат.

Спорттук мелдештер Жалал-Абад шаарындагы “Кыргызгазпромдун” спорт комплексинин залында өтүүдө. Байге фондуна 50 миң сомдук сыйлык коюлган.(RsK)

XS
SM
MD
LG