Франциянын борбору Парижде “сары кемселчендер” деп аталган жарандардын нааразылык акциясы өтүп жатат. Өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына каршы уюштурулган буга чейинки акциялар ири башаламандык менен коштолгон.
Француз бийлиги бүгүнкүгө белгиленген нааразылык акцияларынын алдында бир нече шаарга кошумча коопсуздук кызматкерлерин жөнөткөн. Мындан сырткары Париждеги бир катар белгилүү туристтик жайлар, дүкөндөр, Лувр баштаган музейлер, алардын ичинде Эйфел мунарасы да жабылган.
Өлкө боюнча 89 миң, ал эми Парижде 8 миңден ашууну полиция кызматкери коомдук тартипке көзөмөл кыларын бийлик кабарлаган.
Францияда "сары кемселчендер" деген атка конгон демонстранттар үчүнчү апта катары менен өкмөткө каршы жүрүштөргө чыгып жатат. Алар өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына нааразы. 5-декабрда бул план убактылуу токтотулары жарыяланганына карабай, демонстранттар акциядан баш тарта элек.