Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Москвадагы "Кыргызстан" соода үйү 117 миллион рублга оңдолот


«Кыргызстан» павильону.
«Кыргызстан» павильону.

Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан "Кыргызстан" соода үйү 2019-жылдын сентябрына чейин ишке кирет.

Борборду оңдоо иштерин өкмөттүк тендерден өткөн москвалык «Аграф» компаниясы жүргүзүүдө. Имараттын тышкы жасалгалоо иштерине 50 миллион сом сарпталган. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине 117 миллион рубль жумшалат. Бул тууралуу "Кыргыздипсервис" мамлекеттик мекемесинин башчысы Мирлан Арстанбаев билдирди.

"Кыргызстан" соода үйү Тышкы иштер министрлигине караштуу "Кыргыздипсервис" мекемесинин жоопкерчилигине 2017-жылы өткөрүлгөн. Курулуш иштери аяктагандан кийин Москва өкмөтүнүн карамагындагы маданий-тарыхый объект кыргызстандык өндүрүшчүлөргө коммерциялык негизде иштетүүгө берилмекчи. Учурда оңдоо иштерине каражат инвесторлор менен насыянын эсебинен жумшалууда.

"Кыргызстан" павильону кыргыз өкмөтүнө 50 жылга символикалык түрдө жылына бир рублга ижарага берилген. 2008-жылы кыргыз өкмөтү "Кыргызстан" соода үйү деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомго иштетүүгө беш жылдык мөөнөткө берген. 2013-жылдын аягында Кыргызстандын Экономика министрлиги имараттын ижара келишимин улантууга ниеттенип, жоопкерчилиги чектелген коомго айына 30 миң доллар ижара акы төлөөнү сунуш кылган.

«Кыргызстан соода үйү» ААК ишканасы А. Кожоевага катталган. Павильонду иштеткен Кубанычбек Кожоев жаңы келишимдин шарттарына макул болбой, 2014-жылдын башында Москва арбитраждык сотуна Кыргызстандын Экономика министрлигин 27-декабрда 2013-жылы мөөнөтү бүткөн ижара келишимин 2018-жылга чейин узартууга милдеттендирүү, мурунтан имаратка 62 миллион рубл коротулган каражатты өндүрүү доосу менен кайрылган. Арбитраждык сот Кожоевдин доосун канагаттандырган эмес. 2015-жылы Кыргызстандын Экономика министрлигинин кайрылуусу менен Москвадагы «Росимущество» мекемеси «Кыргызстан соода үйү» ААКна карата Москва арбитраждык сотуна кайрылып, сот «Кыргызстан соода үйү» ААК имаратка «мыйзамсыз ээлик кылат» деген чечим чыгарып, соттун талаптары боюнча Кожоев имараттын ичине кошумча курулган курулуштарды чыгарып кеткен. Павильон үч жылдан бери иштебей турат. Анда Орусиянын жараны, учурдагы "Кыргыз конгресси" биримдигинин негиздөөчүсү Кожоев Москвадагы «Кыргызстан» павильонун иштеткен маалда диаспора өкүлдөрү "жеке ишкер соода үйүндө менчик медицина борборун, авиакомпания ачып, көргөзмөгө келген атамекендик өндүрүшчүлөрдөн акы алып жатат" деген дооматтарын айтып чыгышкан. (Lzt)

XS
SM
MD
LG