Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Орусиялык укук коргоочу Людмила Алексеева дүйнө салды


 Людмила Алексеева
Людмила Алексеева

Орусиялык укук коргоочу, Москвадагы Хелсинки тобунун башчысы Людмила Алексеева 8-декабрда кечинде дүйнө салды. Бул тууралуу Алексеева мүчө болгон Адам укугу боюнча президенттик кеңештин төрагасы Михаил Федотов кабарлады. 92 жаштагы Людмила Алексеева ооруканада дарыланып жаткан.

Людмила Алексеева 1927-жылы Крым жарым аралындагы Евпатория деп аталган шаарчада төрөлгөн. Москва университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Советтик маалда эле укук коргоочулук ишмердик менен алектенип, Москвадагы Хелсинки тобунун түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Мындан соң 1977-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал жылдары диссиденттик кыймылды иликтеп, батыштагы маалымат каражаттарына макалаларды жазып турган. Советтер союзу тараган соң 1993-жылы Орусияга кайтып келип, Москвадагы Хелсинки тобунун башчысы катары укук коргоочулук ишмердигин уланткан эле.

Орус бийлигин кескин сындаганы менен белгилүү Алексеева өмүрүнүн акыркы жылдары президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болчу.

XS
SM
MD
LG