Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Бишкекте Борбор Азиядагы соттордун аймактык конференциясы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте 17-19-декабрда “Борбор азиялык соттордун диалогу” деп аталган аймактык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дизердин Миландагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Анда Дизер дал ушул аймактык конференцияга катышуу үчүн Бишкекке келет.

Конференцияга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн судьялар катышып, маалымат каражаттары, сөз эркиндиги, Интернеттеги маалымат эркиндиги жаатындагы иштерди кароонун жол-жобосун, тажрыйбаларды талкуулайт.

Кыргызстанда 2017-жылы журналисттерге карата бир катар соттук жараяндар өткөн эле. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп “Заноза.кг” порталына жана журналисттерине каршы миллиондогон доолор коюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG