Европалык социал-демократтар Нидерланддардын мурдагы тышкы иштер министри Франс Тиммермансты Европа комиссиясынын төрагалыгына башкы талапкер деп аныкташты. Мындай чечим 8-декабрда Лиссабондо өткөн Европалык социалисттик партиялар съездинде кабыл алынды. Учурда Еврокомиссиянын вице-президенттигин аркалаган Тиммерманс социалисттер арасынан жалгыз талапкер болду. Буга чейин анын ыктымал атаандашы деген словакиялык саясатчы Марош Шефчович добуш берүүгө чейин эле талапкерлигин алып салган.
Мындай жол менен 57 жаштагы нидерланддык саясатчы 2019-жылдагы Еврокомиссиянын төрагасынын шайлоодо консерваторлордон талапкер болгон германиялык Манфред Веберге атаандаш болот.
Еврокомиссиясынын учурдагы төрагасы Жан-Клод Юнкердин ыйгарым укуктары 2019-жылы аягына чыгат.