Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев кармалганын адвокаты ырастады


Дүйшөнбек Зилалиев.

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкекте кармалды. Бул маалыматты анын адвокаты Учкун Каримов ырастады. Адвокат Каримов Зилалиев кандай жагдайда кармалганына кеңири токтолгон жок, болгону бүгүн бөгөт чарасы аныктала турганын айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Зилалиев “Манас” аэропортунан башка өлкөгө учуп кетээр алдында кармалганын жазып чыгышкан.

Зилалиев буга чейин үч жылга шарттуу кесилгендиктен өлкө аймагынан чыгууга укугу жок болчу. Учурда экс-вице-премьер УКМКнын Тергөө абагында отурганы айтылууда.

УКМК жана Чек ара кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

45 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон.

Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө карата адилетсиз чечим чыкканын билдирген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG