Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Учкун Каримов кабарлады. Анын айтымында, Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кылмыш иши козголду. Анын негизинде сот кармоого санкция берген. Анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат.
Айрым маалымат каражаттары Зилалиевге карата кылмыш иши Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турган учурдагы ишмердиги үчүн козголгонун жазып чыгышты.
Дүйшөнбек Зилалиев 7-декабрда “Манас” аэропортунда кармалган. Мындан сырткары 45 жаштагы Зилалиевге карата кылмыш иши былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен козголгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон. (BkA)