Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Арменияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Еревандагы митинг. 26-апрель, 2018-жыл.
Еревандагы митинг. 26-апрель, 2018-жыл.

Арменияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан тогуз ай өткөн соң болуп жатат.

Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышын жана чукул шайлоо өтүшүн көздөп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык болчу.

Шайлоого тогуз партия жана эки блок катышууда. Сурамжылоолор боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Меним кадамым” блогу парламенттиги көп орунду ээлейт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG