Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Зилалиевге "мүлкүн жашырган" деген айып коюлду (видео)


Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "айрым мүлкүн декларацияга киргизген эмес" деп айыпталууда. Бул тууралуу Зилалиевдин адвокаты Учкун Каримов билдирди. Анын айтымында, мурдагы вице-премьер кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду.

“Тергөө "Зилалиев айрым мүлкүн декларацияга киргизбей, жашырып койгон" деп жатат. Муну тергөө тактайт. Себеби тийиштүү документтер бар”,-деди Каримов.

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунда кармалды деп жазышкан. Адвокат мындай маалыматты четке кагып, Зилалиевди үйүнөн кармап кетишкенин айтып, ал сурак берип жатканын кошумчалады.

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин бөгөт чарасы каралууда. Аны УКМКнын кызматкерлерин коштоосунда сот имаратына алып келишти.

Жаңы козголгон кылмыш иши боюнча “Азаттыктын” суроосуна Зилалиев комментарий берген жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG