Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:17

Британия: орус бийлиги дагы эки адамдын өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн


Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышын иликтеген британиялык детективдер бул өлкөнүн аймагында мурда катталган эки адамдын өлүмүнө орус бийлигинин тиешеси болушу мүмкүн деп шектенип жатышат. Бул тууралуу Британиядагы "The Times" гезити полициядагы өз булактарына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, орусиялык чалгынчылардын Британияга келген учуру бизнесмендер Александр Перепиличный жана Скотт Янгдын табышмактуу өлүмүнө туш келген.

2012-жылы каза болгон Перепиличныйдын ашказанынан уулуу өсүмдүктүн калдыгы табылган. Ал алгач таңкы көнүгүүлөрдү жасагандан кийин жүрөгү токтоп калып каза болду деп айтылган. Бирок Британияда саясий баш паанек алып жашап жүргөн бизнесмендин сөөгүн текшерүү маалында ашказанынан табылган уулуу зат күмөндүү суроолорду пайда кылган. Перепиличный Москвадагы тергөө абагында каза болгон адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмү боюнча швейцариялык прокуратура менен кызматташып келген.

Ал эми Янг болсо 2014-жылы Лондондогу өз үйүнүн терезесинен секирип, каза тапкан. Ал Британияда өз жанын кыйган Борис Березовскийдин бизнес-шериги болгон.

Гезиттин жазышынча, күбөлөр суралган соң бул эки ишке тең “күмөндүү” деген макам берилген.

Орусиянын мурдагы тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө Солсбери шаарында быйыл 4-мартта ууланып, ооруканага түшкөн.

Британ бийлиги Скрипалды Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын Руслан Боширов жана Александр Петров деген ысымдар менен жүргөн чалгынчы офицерлери ууландырган деп шек санайт. Лондон "аларга Кремль тапшырма берген" деп эсептейт.

Орусия дооматтарды четке кагып, "Боширов менен Петров чалгынчылар эмес" деп билдирет. Шек саналгандар өздөрү Солсбериге турист катары барганын айтышкан.

Ал арада "Bellingcat" иликтөөчүлөр тобу "Бошировдун чын аты Анатолий Чепига, "Орусиянын баатыры" наамын алган, полковник даражасындагы чалгынчы" деп иликтеп чыкты. "Ал эми Петровдун чын аты - Александр Мишкин, чалгын офицери, аскер дарыгери" деп ырастап чыккан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG