Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:21

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды


Дүйшөнбек Зилалиев Биринчи май райондук сотунун алдында.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды.

Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.

Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге "мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар",-деп айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунда кармалды деп жазышкан. Адвокат мындай маалыматты четке кагып, Зилалиевди үйүнөн кармап кетишкенин айтып, ал сурак берип жатканын кошумчалады.

Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен иш козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG