Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болгон кыргызстандык Валентина Шевченкого телефон чалып, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Шевченко "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
“Беттештен соң Кыргызстандын президенти телефон чалып, мени куттуктаганы жагымдуу болду. Куттуктоо үчүн чоң рахмат”,-деп жазды Валентина Шевченко.
Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC 231 мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болду. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (flyweight. 57 кг.) чемпиондук титулу үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешти. Мелдештин жүрүшүндө беш раундда Шевченко үстөмдүгүн көрсөтүп, жеңүүчү аталды.
Шевченко абройлуу саналган UFC уюмунун тарыхында эң жеңил салмакта чемпиондук наамды алган экинчи спортчу болуп калды. (BkA)