Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Брексит: Британияда кайра шайлоо болушу мүмкүн


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

"Эгер британ парламентарийлери Европа Биримдиги менен Брексит боюнча келишимди жактырбаса, өлкө түшүнүксүз абалда калат" деп эскертти премьер-министр Тереза Мэй.

9-декабрда "Mail" гезитинде чыккан маегинде Тереза Мэй парламент анын сунушун колдоого албаса, өлкөдө кайра шайлоо өтүшү мүмкүн экенин белгилеп, "анын жыйынтыгында Брексит таптакыр болбой калышы да ыктымал" деген ою менен бөлүштү.

Өткөн айда Мэйдин өкмөтү Британия Европа Биримдигинен кантип чыгып кетери боюнча Брюссель менен орток пикирге келишкен. Бирок бул келишимди парламент ратификациялашы керек. Парламенттеги лейбористтер, либерал-демократтар жана Мэйдин Консервативдүү партиясынын бир бөлүгү бул келишимге каршы болуп келишет. Андыктан бул келишим ратификацияланбай калат деген тобокелдик жогору. Келишимге каршы чыккандардын бир тобу жалпы эле Европа Биримдигинен чыгууга каршы болсо, жарымы Тереза Мэй Брюссель менен макулдашкан келишим Британия үчүн ыңгайсыз шарттарды түзүп, Европадан толук чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербейт деп айыпташууда.

9-декабрда Брекситти колдогондор да, ага каршы болгондор да митингге чыгышат. (KKu)

XS
SM
MD
LG