Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

“Желим баштык Месси” коркутууга дуушар болду


"Желим баштык Месси" каймана атка конгон Муртаза Ахмади жана Лионел Месси
"Желим баштык Месси" каймана атка конгон Муртаза Ахмади жана Лионел Месси

Желим баштыктан жасалган “Мессинин футболкасы” менен сүрөтү дүйнөгө тарап, таанымал болгон ооган баланын үй-бүлөсү жашаган жеринен көчүп кетүүгө аргасыз болду.

Жети жаштагы Муртаза Ахмадинин “Мессинин футболкасы” менен сүрөтү эки жыл мурун дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, былтыр декабрда ал өз кумири Лионел Месси менен да жолуккан.

"Бирок ушинтип белгилүү болгонубуз бизге терс таасирин тийгизди", дейт баланын энеси Шафика Ахмади. Анын айтымында, Муртаза эки жылдан бери мектепке бара албай жүрөт. Кылмышкерлер "баланын үй-бүлөсү байып кетти” деген ойдо акча доолап, “Талибан” террордук тобунун согушкерлери да үй-бүлөнүн артынан да түшүшкөн. (KKu)

XS
SM
MD
LG