Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Алина Загитова жапониялык Рика Кихирага утулуп калды


Алина Загитова
Алина Загитова

Муз үстүндөгү көркөм бий боюнча дүйнөлүк Гран-принин финалында орусиялык Алина Загитова жапониялык Рика Кихирага утулуп калды.

Канаданын Ванкувер шаарында өтүп жаткан биринчиликте Алина Загитова 226,53 упай менен 233,12 упай топтой алган Рика Кихирага утулду. Үчүнчү орунду да орусиялык Елизавета Туктакмышева ээледи.

Бул ирет биринчиликтин финалдык баскычына чыккан атлеттердин баары Орусиядан жана Жапониядан болушту.

“Чоң муз үстүндөгү экинчи жыл биринчи жылдан кыйла татаал болду, - дейт Пхёнчхаңдагы соңку Олимпиадада алтын медал алган Алина Загитова. - Биринчи жолу чыкканда сенден эч ким эч нерсени күтпөйт. Коркпой эле муз тепсең болот”.

Ванкувердеги Гран-при финалында биринчи орунду алган Кихира 25 миң доллар, ал эми экинчи орунду ээлеген Загитова 18 миң доллар байге алышты.

XS
SM
MD
LG