Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Арменияда парламенттик шайлоону Пашиняндын альянсы жеңди


Никол Пашинян. 9-декабрь, 2018-жыл.
Никол Пашинян. 9-декабрь, 2018-жыл.

Арменияда жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы жеңди. Соңку маалыматтарга караганда, аны добуш бергендердин 70% колдоду.

Ал эми анын негизги атаандашы болуп эсептелген Гагик Царукяндын “Гүлдөгөн Армения” партиясы 8,5% ээ болду. Үчүнчү орунда “Жаркын Армения” партиясы - анда добуштардын 6,35%.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуш берүүдөн бир сутка өткөндөн кийин жарыяланат.

Армениянын Боршайкому бул жолу добуш берүүгө шайлоочулардын 48,6% катышканын, бул былтыр апрелде өткөн шайлоодогудан азыраак экенин билдирди.

Шайлоо жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан тогуз ай өткөндөн кийин болду.

Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышын жана чукул шайлоо өтүшүн көздөп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG