Кыргызстандык активист Польшада өткөн эл аралык жыйынга катыша албай калды. Бул тууралуу "MoveGreen" экологиялык өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Мария Колесникова өзү билдирди.
Аны жана дагы 14 активистти Варшавага учуп барганда кармап, “коомдук коопсуздукка коркунуч келтиресиңер” деген негизде өлкөгө киргизбей, кайра мекенине жөнөтүшкөн.
Колесникова жыйынга Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлү катары катышканы барганын, ал жерде энергия алуунун башка кошумча түрлөрүн өнүктүрүүгө миллиондогон инвестиция тартуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок жыйынга катышпай калганына кыргыз коомчулугу да, тиешелүү мекемелер да көңүл бурбаганын "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды.
Бириккен Улуттар Уюмунун климатты өзгөртүү боюнча конференциясы (СОР24) Польшанын түштүгүндөгү Катовице шаарында өттү. Анда 2015-жылы Парижде кабыл алынган климаттык макулдашууну ишке ашыруу маселелери талкууланды. Негизги темалардын бири мөңгүлөргө байланыштуу болду.
Колесникованын билдирүүсүнө байланыштуу расмий органдар азырынча комментарий бере элек. (RK)