Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Парламентте жөлөкпул маселеси каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде бүгүн 10-декабрда жөлөкпул чегерүү тартибине байланыштуу маселе каралат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кенжебек Бокоев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордун максаты – жөлөкпул ала турган үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептөөдө алар менен чогуу жашаган пенсионер ата-энесинин пенсиясын эсепке албоо.

- Жөлөкпулду аныктап жатканда үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси деген болот. Ошондон пенсия деген түшүнүктү алып салуу боюнча мыйзам долбоору. Анткени пенсионер менен кошо жашаган жаш үй-бүлө балдарына жөлөкпул ала албай калат, пенсия кошо эсептелип.

Мыйзам долбоору учурда экинчи окууда каралып жатат. Демилгечинин айтымында, ал 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Кыргызстанда 648 000 пенсионер бар. Алардын 38% мамлекеттен жашоо минимумунан төмөн акча алышат. Орточо пенсия 5682 сомду түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG