Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте «Адам укуктары Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары» деген конференция өтөт. Иш-чара Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналат.
Кыргызстандын акыйкатчысынын маалыматына караганда, келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине нааразылыкка байланыштуу болууда.
Жакында башкы укук коргоочу Токон Мамытовду кабыл алганда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да бул тармакта токтоосуз реформа зарыл экендигин белгилеген.
БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. 10-ноябрдан 10-декабрга чейин Кыргызстанда адам укуктары боюнча бир айлык өттү. Юстиция министрлиги калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасын уюштурду. (RK)