Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Бурулайдын иши боюнча сотто жарыш сөз башталат


Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды.
Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды.

Бүгүн 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланат. Жабыркаган тарап “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн жарыш сөз башталат.

Ишти Свердлов райондук соту карап жатат. Буга чейин 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү.

Судья Санжар Чотонов биринчи жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын окуп берип, кыздын “төшүндө жана ичинде көптөгөн жарааттар” болгону, “кабыргалары сынганын, бети жана буттары тытылганын” билдирген. Психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында "шектүү Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деген жыйынтык чыкканы да айтылган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG