Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште жарыш сөз башталды. Жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча айып койду.
Ал эми Бөдөшевдин досу Акмат Сейитовго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөткөн”) боюнча кине коюлду.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган.
Марс Бөдөшев 28-ноябрдагы соттук жараянда кырсык болгон күнү райондук ички иштер бөлүмүндө Бурулай менен сүйлөшүп турганы эсинде экенин, калганын билбей турганын айткан. (AiA\BTo)