Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Электрондук патент алгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын 10-декабрына карата 1348 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык иш жүргүзүү үчүн электрондук түрдө патент сатып алган.

Мекеменин маалыматы боюнча, патентти онлайн түрүндө алгандардын көбү Ош облусунда. Алардын саны 366га жетет. Бишкек шаарында 229, Жалал-Абадда 99 патент Интернет аркылуу алынган. Андан сырткары Аламүдүн, Жайыл, Жети-Өгүз райондорунда да патентти ушундай жол менен алгандар көбөйгөн.

Мамлекеттик салык кызматы патентти онлайн түрүндө алуу салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланыштын зарылдыгын, ал аркылуу коррупция коркунучун азайтарын билдирди.

Электрондук түрдө патент берүү 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында иштей баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG