Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Франциянын президенти элге кайрылат


"Сары кемселчендердин" Париждеги акциясы, 8-декабрь, 2018-жыл.
"Сары кемселчендердин" Париждеги акциясы, 8-декабрь, 2018-жыл.

Француз өкмөтүнө каршы ири жүрүштөрдөн кийин президент Эммануэл Макрон 10-декабрда элге кайрылганы турат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де Елисей сарайынан кайрылуу жасай тургандыгын президенттик администрация кабарлады.

Бул Макрондун өлкөдөгү башаламандык менен коштолуп жаткан ири демонстрациялар боюнча эл алдындагы алгачкы билдирүүсү болот.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Бенжамен Гриво президент Макрон "француздардын жүрөгүнө жолду таба алаарына ишенип турганын" айтты. Бирок ал "сары кемселчендер" деген атка конгон демонстранттардын бардык талаптарын аткаруу оңой болбосун кошумчалады.

Франциядагы соңку нааразылык толкуну өкмөт күйүүчү майга кошумча салыкты киргизүүнү чечкенден кийин тутанган. Өкмөт бир нече аптага созулган демонстрациялардан кийин климаттын өзгөрүүсүнө каршы чара катары мүнөздөлгөн бул планынан баш тарткан. Бирок буга карабастан өткөн ишемби күнү Франциянын аймактарында өкмөткө каршы демонстрациялар уланды.

Француз полициясы бул күнү өлкө боюнча 125 миң адам көчөгө чыкканын, алардын 1400гө жакыны кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG