Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бозгундагы казакстандык активист Жандос Алимкуловдун үй-бүлөсүнүн “Манас” аэропортунан кармалышына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча 6-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматы “Манас” эл аралык аэропортунан “Бишкек-Москва” авиакаттамы аркылуу уча турган Казакстандын жараны Динара Байтасова менен анын жашы жете элек эки кызын кармаган.
Ага Байтасованын паспортунда Кыргызстанга кирүүгө уруксат берген белгинин (дата штамп) жоктугу себеп болгон. Мамлекеттик чек ара кызматы тиешелүү документтерди толтуруп, аны УКМКга өткөрүп берген.
Бирок атайын кызмат Мамлекеттик чек ара кызматы Динара Байтасованын документтерин каттоодо өзүлөрү ката кетиргенин аныктап, Байтасованы балдары менен ошол эле күнү коё берген.
Атайын кызмат алардын учактан калып калышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин кабарлап, документти каттоодо ката кетирген чек ара кызматкерлеринин иши Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Казакстандык активист Жандос Алимкулов өткөн жумада “Фейсбуктагы” баракчасына жубайы Динара Байтасованы, кыздары Фатима менен Аишаны жана энеси Данекүл Сарсенованы Кыргызстандын атайын кызматтары кармап кеткенин жазып чыккан. Алар Бишкек аркылуу Европага учууга аракет кылганы айтылган. (BTo)