Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

ӨКМ кызматкерлери 11 айда 150 адамды куткарды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

2018-жылдын 11 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү ар кандай кырсыктардан 150 адамды куткарган. Анын ичинен жол кырсыгынан - 40 адам, экстремалдык абалда –36 адам, көлмөлөрдөн - 11 адам жана өрттөн 63 адамдын өмүрү сакталып, 51 адам жабыркаган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, андан тышкары куткаруучулар 928 адамга жардам көрсөтүшкөн. Анын ичинен 234 адамга дарыгерге чейинки жардам берип, күтүүсүз жагдайга туш болгон 223 адамга көмөк көрсөтүп, 471 адамдын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен.

Жыл башынан бери ӨКМ кызматкерлери жол кырсыктарына - 176, ар түрдүү кырсыктарга - 1152, өрт кырсыгына - 33, шектүү жарылуучу заттарды текшерүүгө - 6, сууга чөкөндөрдү издөөгө – 102 жолу чыгышкан.

Ушул жылдын 11 айында 94 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды. Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 13 адам курман болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG