Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Өзбекстанда 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда "диний-экстремисттик уюмдарга катышы бар" деп шек саналган 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 8-декабрда Ташкенттеги өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынганынын 26 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Ал жаңылыштык менен диний-экстремисттик уюмдардын таасирине кабылып, кийин бул аракети үчүн өкүнгөн кишилердин кайрылуусун кароо боюнча республикалык комиссия түзүлгөнүн айтты.

Мирзиёев быйыл 19-сентябрда “Катачылык менен экстремисттик, террордук уюмдардын катарына кошулуп кеткен кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуунун тартибин жакшыртуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 1-ноябрдан тартып Республикалык мекеме аралык комиссиянын бүтүмүнүн негизинде экстремизмге байланыштуу шек саналган кишилерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиби иштелип чыккан.

Былтыр Өзбекстанда тыюу салынган топторго кирип кеткенине өкүнүчүн билдирип, кечирим сураган 18 миңдей киши укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чыгарылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG