Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Ирак ИМ тобун жеңгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат


Ирактын премьер-министри Адел Абдел Махди.
Ирактын премьер-министри Адел Абдел Махди.

Ирак өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жеңилгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат.

Өлкөнүн премьер-министри Адел Абдел Махди 10-декабрдагы телекайрылуусунда Ирак бир жыл мурда "Ислам мамлекети" тобун өз аймагынан сүрүп чыгаруу менен "терроризмдин желдеттерине каршы эң чоң жеңишке" жеткенин айтты.

Ал ошондой эле өлкөдө коррупциянын тамырын кыркууга, жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдардын өз үйлөрүнө кайтып барышына көмөк көрсөтүүгө убада берди.

10-декабрь Иракта расмий майрам катары белгиленет. Бул күнү Багдаддын көчөлөрү желектер жана үйлөмө шарлар менен кооздолду.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу 2014-жылы Ирак менен Сириянын бир топ аймактарын басып алып, "халифат" түзгөнүн жарыялаган. Андан берки үч жылда Ирактын армиясы, Иран колдогон жарым-жартылай аскердик түзүмдөр жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр экстремисттик топко каршы операцияларды өткөрүп келди.

Акыры ИМ тобу Ирактагы көзөмөлдөп турган аймактарынын баарын колдон чыгарган. Ошентсе да бул өлкөдө радикал топтун согушкерлери маал-маалы менен чабуулдарды уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG