Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Красноярск: Кыргызстандык мигрант аял кызынын өлүмүнө шектелип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кыргызстандык аял “өз кызын бычактап өлтүрдү” деп шектелип жатат. Окуянын күбөлөрү “Азаттык” радиосуна айтып бергенине караганда, окуя 8-декабрда Красноярск шаарында болгон.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан барып, ошол жакта пол жууп иштеп жүргөн 48 жаштагы аял нан бышыруучу цехте иштеген 25 жаштагы кызы менен уруша кетип, чырдын аягы өлүм менен аяктаганы айтылууда.

Учурда ал полицияда камакта, күнөөсүн моюнуна алды.

Красноярсктагы кыргыз жамааты кыздын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү аракетин көрүп жатат.

Окуянын чоо-жайын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да териштирүүдө.

Красноярскта 50-70 миңдей кыргыз жашайт. (LzT)

XS
SM
MD
LG