Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Казандагы митингде татар тилинин маселеси көтөрүлдү


Казандагы нааразылык акциясы, 9-декабрь, 2018-жыл.
Казандагы нааразылык акциясы, 9-декабрь, 2018-жыл.

Орусиянын курамындагы Татарстандын баш калаасы Казанда жекшемби күнү оппозициячыл партиялардын тарапташтары жана шаардыктар биргелешкен нааразылык акциясына чыгышты. Мэрия менен макулдашылган митинг калаа борборундагы аянтта өттү.

Алар жергиликтүү бийликтен жана Орусия президентинен Татар улуттук университетин түзүүнү жана татар тилин бардык тармактарга киргизүү менен кошо “Эне тилдерин окутуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты. Ошондой эле алар жумуриятта таштандыны кайра иштеткен заводду куруудан баш тартууга да чакырышты.

Митингде «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Навальныйдын штабынын өкүлдөрү жана башкалар сөз сүйлөштү. Катышуучулар акциянын соңунда Татарстандагы социалдык, экологиялык жана улуттук көйгөйлөрдүн өрчүп жатканы тууралуу айтылган резолюцияны таркатышты. (EzK/KKs)

XS
SM
MD
LG