Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Атамбаев президент менен элдешүүгө аракет кылганын айтты


Экс-президент Алмазбек Атамбаев
Экс-президент Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүү үчүн жыл башынан бери бир топ кишини ортого салып көргөнүн, президент жана анын туугандары бул ишараны туура эмес түшүнгөнүн айтты. Атамбаев бул оюн “Апрель ТВ” телеканалынын журналистинин “Сооронбай Жээнбеков экөөңөр элдешсеңер болбойбу?” деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Улуу башты кичүү кылып, "элдешели-жарашалы, мунун эч кимге кереги жок" дедим. Чыр чыгарып, ынтымакты кетирип эмне пайда табат түшүнбөй жатам. Булар пайда тапса да, кыргыз эли, өлкөбүз пайда таппайт. Аягы жаман бүтөт окшойт да”,-деди Атамбаев.

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты экс-президенттин “Апрель” телеканалы дүйшөмбүнүн кечинде көрсөткөн маеги боюнча өз пикирин билдире элек.

Жээнбеков 16-ноябрда “24.kg” маалымат агенттигине жарыяланган маегинде Атамбаев аны башкарууга аракет кылганын айтып, бул таптакыр туура эмес экендигин белгилеген.

“Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт”,-деп айткан Жээнбеков.

Мамлекет башчы экс-президент менен акыркы жолу 29-мартта, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайынын алдында жолукканын кошумчалаган эле.

XS
SM
MD
LG