Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Жергиликтүү депутаттын жүрүм-турум эрежелери иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жергиликтүү кеңештин депутатынын этикалык кодекси иштелип чыкты. Ушул жана башка бир катар документтер тууралуу бүгүн Бишкекте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик өткөрө турган жыйында кеңири маалымат берилет.

Мекеменин басма сөз катчысы Замир Ыманкалиев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, донор уюмдар менен өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңеши жыйынга чогулат.

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы маалыматтар угулат, - деди ал. - Чогуу аткарылуучу пландар талкууланып, жергиликтүү кеңештин регламентинин, Жергиликтүү депутаттардын этикалык кодексинин, Аксакалдар сотунун регламентинин жана башка бир катар документтердин бет ачары болот.

Жыйынга эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бар, алардын 453ү айыл өкмөттөр, калганы шаарлар. (RK)

XS
SM
MD
LG