Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Матраимов: Википедиядагы маалыматты өчүртүүгө аракет кылам


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Википедияда Кыргызстандагы бир тууган Матраимовдор жөнүндө макала пайда болуп, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

“Матраимовдордун коррупциялык кланы” деп аталган макалада Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов башчы катары көрсөтүлүп, бир туугандары менен кылмыштуу топторго аралашып коррупциялык схемаларды түзүп жатканы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” берген комментарийинде бул макалага каралоо катары баа берди. Ошондой эле Матраимов Википедиядагы маалыматтарды өчүртүүнү ойлонуп жатканын айтты.

- Мен кечээтен берип окуп алып күлүп жатам. Мени Италиянын мафияларына окшоштуруп коюшуптур. Мен эми жазган адамды Кудайга койдум, - деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы билдирүүлөрүндө коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга байланыштуу айыптап келет.

Бирок Райымбек Матраимов буга чейинки массалык маалымат каражаттарындагы маектеринде Алмазбек Атамбаевдин жана анын ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка келгенин айткан жайы бар. Ошондой эле Искендер Матраимов бир тууганы жөнүндө айтылган сөздөрдү четке кагып жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG