Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:53

“Манас” аэропортундагы коюу тумандан улам айрым учактар Алматыга конду


“Манас” эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт.

“Манас” эл аралык аэропортундагы коюу тумандан улам бир нече каттам кармалып, Кыргызстанга келчү айрым учактар Алматыга конууга аргасыз болду.

Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, тумандан улам 150 метрден алыс жер көрүнбөй жатат.

- Азыркы учурда Бишкектен Москвага, Грозныйга, Баткенге, Үрүмчүгө жана Стамбулга жөнөй турган учактар кармалып жатат. Андан тышкары, Казань менен Москвадан келаткан эки учак Ош шаарынын запастагы аэродромуна конду. Ошондой эле Стамбулдан келе жаткан эки учак Алматыга конду, - деди Курбанова.

Буга чейин Интернетке Бишкек-Ош багыты менен уча албай калган жүргүнчүлөр аэропорттун жетекчилигинен аларды мейманкана, тамак-аш менен камсыз кылууну талап кылып жатышканы жарыяланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG