Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

Калилов: “Tez Jet” авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш айтылды


“Манас” эл аралык аэропорту.
“Манас” эл аралык аэропорту.

Жыл аягына чейин Кыргызстанда “Tez Jet” авиакомпаниясын жабуу тууралуу сунуш түштү. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министр эгер “Tez Jet” авиация ишканасы жабылса ички, тышкы каттамдарды тейлей албай калуу коркунучу бар экенин билдирген.

Быйыл 1-мартта "Tez Jet" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кетип, жарым жолдон кайра “Манас” аэропортуна конууга аргасыз болгон.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүнүн “Air Manas”, “Авиатрафик”, “Tez Jet” авиакомпаниялары иштеп жатат. Алардын учууга жарактуу 17 учагы бар. Ал эми “Эйр Кыргызстан” ишканасы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG