Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

БУУ Йемен үчүн төрт миллиард доллар чогултууну көздөп турат


Гуманитардык жардам келиши үчүн Йемендин борбору Сана шаарындагы аэропорттун ачылышын талап кылган демонстранттар. 10-декабрь, 2018-жыл.
Гуманитардык жардам келиши үчүн Йемендин борбору Сана шаарындагы аэропорттун ачылышын талап кылган демонстранттар. 10-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок билдирди. Анын айтымында, БУУ жарандык согуш жүрүп жаткан Йемендин 20 миллион тургунуна же өлкө калкынын 70% бөлүгүнө гуманитардык жардам көргөзүү үчүн кеминде 4 миллиард долларга муктаж болот.

Марк Лоукок кеминде 250 миңдей йемендиктин азыркы абалын "бүлгүн" деп баалады. БУУнун өкүлү белгилегендей, Йемендеги гуманитардык кырдаал “кыйла жана олуттуу“ начарлап кетти.

Йемен боюнча АКШ, Швейцария, Швеция колдогон донорлор жыйыны келерки жылдын февраль айына мерчемделүүдө. Ал эми учурда Йеменде тынчтык орнотууну максат кылган сүйлөшүүлөр өтүп жатат. БУУнун демилгеси менен өткөн аптада башталган сүйлөшүүлөргө жаатташкан эки тараптын тең делегациялары келген.

Йемендеги азыркы жарандык согуш 2014-жылдын соңунда башталган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Суннит араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтириш үчүн хуситтерге каршы аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG