Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Казакстан жарым жылга дизелдик отундун экспортуна тыюу салат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн өкмөттөгү жыйын учурунда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

“Биз азыр документ даярдап жатабыз. Менимче декабрь айынан тартып жарым жылга киргизебиз. Бул дизелдик отунга гана тиешелүү болот. Экспортко тыюу салынат”, - деди министр кабарчыларга.

Канат Бозумбаев дизелдик отундун экспортуна тыюу салынышынын себебин Орусияда баа жогору болгондуктан күйүүчү-майлоочу май коңшу өлкөгө көмүскө ташылып жатканы менен түшүндүрдү.

Казак министринин айтымында, Орусия менен Казакстанда дизелдик отундун чекене баасында 60-70 теңге айырма бар. Казакстандын өзүндө азыр дизелдик отундун бир литри орточо 193 теңгеге сатылууда.

Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөнүн Орусия менен чектеш облустарында бензинди жана дизелдик отунду керектөө көрсөткүчтөрү чукул көтөрүлүп кеткенин билдирген. (UE)

​
XS
SM
MD
LG