Москва Хелсинки тобунун башчысы, таанымал укук коргоочу Людмила Алексеева менен коштошуу зйынаты бүгүн Орусиянын борборундагы Журналисттер үйүндө өтүүдө. Иш-чарага орус президенти Владимир Путин да көз көрсөтүп кетти.
Людмила Алексеева өткөн ишемби күнү 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
- Ал адам укуктары чөйрөсүндө алмаштырылгыс лидер болгон. Ал ачык, каарман, ар кандай көз караштагыларды бириктире алган адам эле, - деди бүгүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалына маркумду эскергенде АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман.
Людмила Алексеева Адам укуктары жана жарандык коом боюнча Орусиянын президентинин карамагындагы кеңештин мүчөсү болсо да президент Владимир Путинди "өлкөдөгү демократиялык институттарды алсыратты" деп сындап жүргөн.
Советтик бийлик укук коргоочу ишмердиги үчүн Людмила Алексееваны 1977-жылы эмиграцияга кетүүгө мажбурлаган. Ал Орусияга 1993-жылы гана кайтып келген. (UE)