Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Кыргызстан Миграция боюнча глобалдык макулдашууга кошулду


БУУнун Марракештеги жыйыны. 10-декабрь, 2018-жыл.
БУУнун Марракештеги жыйыны. 10-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.

- Бул глобалдык пакт Кыргызстан үчүн керектүү документ деп ойлойбуз, - деди ал. - Биринчиден, ал миграцияга жөнөтүүчү жана мигранттарды кабыл алган өлкөлөрдүн кызыкчылыгына түздөн-түз таасир этет. Экинчиден, анда мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыкты ченемдер бар.

Миграция боюнча глобалдык макулдашуу 10-декабрда БУУнун Марокконун Марракеш шаарындагы өкмөт аралык жыйынында кабыл алынган.

"Дүйнө мамлекеттеринин миграция жаатындагы кызматташтыгын чыңдайт" деген үмүт жараткан макулдашуунун долбоорун быйыл июлда БУУнун АКШдан башка 193 мүчөсүнүн баары жактырган. Бирок Марракештеги жыйында ага 164 өлкө гана кошулганы анык болду.

Миграция боюнча глобалдык макулдашуу (Global Compact for Safe, Orderly and Regular Migration) - эл аралык мыйзам менен тескелүүчү укуктук күчү бар документ эмес. Анткен менен ал БУУнун башка көпчүлүк документтериндей эле өкмөттөрдү саясий милдеттенме алдырган макулдашуу.

АКШнын азыркы администрациясы глобалдык макулдашуудан баш тартканын анын бир катар жоболору өлкөнүн“иммиграция жана качкындар саясатына шайкеш келбегени” менен түшүндүргөн.

Глобалдык макулдашууга Европадан Венгрия, Австрия, Чехия, Словакия, Швейцария, Хорватия, Латвия кошулган жок. Эски континенттен оңчул жана улутчул партиялар глобалдык келишим Африка менен араб өлкөлөрүнөн агылган мигранттардын санын азыркыдан да көбөйтөрүн айтып, каршы болушкан. (UE)

XS
SM
MD
LG