Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Ооганстанда 11-декабрдагы кол салуулардан 31 адамдын өмүрү кыйылды


Кабулдун чет жакасында, коопсуздук күчтөрүнүн кербенине кол салынган жер. 11-декабрь, 2018-жыл.
Кабулдун чет жакасында, коопсуздук күчтөрүнүн кербенине кол салынган жер. 11-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу расмий өкүлдөр, жергиликтүү кеңеш депутаттары билдиришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даништин айтымында, жанкечти айдаган автоунаа борбор Кабулдун батыш ыптасында 11-декабрда коопсуздук күчтөрүнүн кербенинин жанында жарылганда 13 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын төртөө күч түзүмдөрүндө иштегендер, тогузу жайкын тургундар. Мындан сырткары дагы 11 киши жаракат алган.

Кол салуу үчүн “Талибан” жоопкер экенин, алардын согушкери окуя болгон жерге жардыруучу затка шыкалган автоунааны айдап келгенин бул уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид ырастады.

Ал эми өлкө түндүгүндөгү Кундуз провинциясында “Талибан” согушкерлери күз түзүмдөрүнүн көзөмөл бекетине жасаган үч сааттык чабуулу учурунда кеминде 10 полициячы каза таап, 11и жаракат алды.

Түштүктөгү Кандагар провинциясында “Талибандын” согушкерлери көзөмөл бекетке кол салып, полициянын сегиз офицерин мерт кылышты. Бул атышта “Талибандын” 11 согушкери жок кылынганы да кабарланды.

“Талибан” согушкерлери тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча чакырыктарга карабай, акыркы айларда Ооганстандын өкмөттүк жайлары менен күч түзүмдөрүнө кол салууларын күчөттү. 10-декабрда да “Талибандын” бир нече кол салуусунан коопсуздук күчтөрүнүн 32 өкүлүнүн өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG