Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Кытай Канаданын мурдагы дипломатын кармаганы кабарланууда


Кытайдын полициячылары.
Кытайдын полициячылары.

Кытайда Канаданын Бээжиндеги элчилигинин мурдагы кызматкери Майкл Ковриг камалганын өз булактарына таянып "Reuters" агенттиги кабарлоодо. Агенттиктин кабарчысына бул маалыматты Ковригдин учурдагы иш берүүчүсү ырастаган.

Канадалык мурдагы дипломат азыр Эл аралык кризис тобу (International Crisis Group) деген иликтөөчү уюмда Кытай боюнча талдоочу катары иштейт. Аталган уюмдан "Reuters" агенттигине алар өз кызматкеринин тезирээк бошотулушу үчүн аракеттене турганын билдиришти.

Майкл Ковриг 2003-жылдан 2016-жылга чейин Канаданын Бээжин менен Шанхайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкери болгон. Мурдагы дипломаттын кармалышын Кытайдын да, Канаданын да бийликтери азырынча комментарийлей элек.

Быйыл 1-декабрда Канадада АКШнын өтүнүчү менен Кытайдын "Huawei" компаниясынын аткаруучу жана каржылык директору Мэн Ваньчжоу камакка алынган. Эми канадалык мурдагы дипломаттын Кытайда кармалашынын бул ишке байланышы бар-жогу азырынча белгисиз.

АКШ бийлиги "Huawei" компаниясынын башкаруучусун АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдоо үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн деп айыптоодо. Америкалык тергөөчүлөрдүн эсебинде, мунун максаты АКШнын Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон.

"Huawei" компаниясынын АКШ өткөрүп алгысы келген аткаруучу жана каржылык директорунун баш коргоо чарасы учурда Канаданын сотунда каралууда.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада Канаданы Мэн Ваньчжоуну тезинен бошотууга чакырган. Апта башында болсо эгер маселени талаптагыдай чечпесе, Канада "олуттуу кесепеттерге" кабыларын эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG