Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Путиндин Чыгыш Германиянын атайын кызматы берген күбөлүгү табылды


Владимир Путинге мурдагы Чыгыш Германиянын атайын кызматы - "Штази" 1985-жылдын 31-декабрында берген ккүбөлүк.
Владимир Путинге мурдагы Чыгыш Германиянын атайын кызматы - "Штази" 1985-жылдын 31-декабрында берген ккүбөлүк.

Бул тууралуу немис медиасы кабарлоодо. Маалыматка караганда, Орусия президенти Владимир Путиндин Чыгыш Германиянын жашыруун кызматы берген документи же күбөлүгү Дрездендеги архивдерден табылды.

Германиялык Bild гезити 11-декабрда майор Владимир Путиндин күбөлүгү деген документти сүрөтү менен жарыялады. Анда 1989-жылдын соңуна чейин жарактуу экенин көргөзгөн мөөр да коюлган.

Документ мурдагы Чыгыш Германия - ГДРдин атайын кызматы- “Штазинин” архивдери арасынан табылган.

Дрездендеги архив мекемесинин өкүлү Конрад Фелбердин айтымында, табылган документ Путин “Штази” үчүн тикелей иштеген дегенди билгизбейт. Бирок бул документ учурунда Путин “Штазинин” кеңселерине тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна мүмкүндүк берген.

Москвадан Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Путинде “Штазинин” күбөлүгү болгонун четке каккан жок.

"Советтик КГБ жана мурдагы ГДРдин мамлекеттик коопсуздук министрлиги (“Штази”) өз кызматкерлери үчүн күбөлүктөрдү алмашуусун жокко чыгарууга болбойт”,- деди Песков ТАСС агенттигине.

Путин Чыгыш Германиянын Дрезден шаарына 1980-жылдардын орто ченинде ал кездеги СССРдин атайын кызматы - КГБнын офицери катары барган.

Ал бул шаарда азыр ажырашып кеткен жубайы Людмила Путина менен чогуу беш жыл жашаган. Алардын экинчи кызы Дрезденде 1986-жылы төрөлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG