Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Талас: Кыйноого кабылгандардын 97% милицияны айыптоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта кыйноого кабылганын айтып арыз жазгандардын 97 пайызы милиция кызматкерлеринен жабыр тарткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Таластагы өкүлү Нурлан Абдраимов адам укуктарын коргоо маселесине байланыштуу уюштурулган талкуу учурунда билдирди.

Ал кошумчалагандай, жарандардын милициядан жабыр тарткандыгын ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги да четке какпайт жана өз учурунда андай кызматкерлерди иштен четтеткен учурлар арбын.

Мисалы, быйылкы жылдын эсебинен төрт адам кыйноого кабылганын айтып чыкса, анын бирөө милициядан кордук көргөнүн билдирген. Бул иш боюнча учурда соттук процесс жүрүп жатат. Ал эми калган экөөнө прокуратура негиз жок экенин билдирип, иш козгоодон баш тарткан.

Кыйноого кабылганын айтып улуттук борборго былтыр беш адам кайрылган болчу. (AlS)

XS
SM
MD
LG