Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылары айтылды


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

1-январдан баштап Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Адилет” укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдан тартып күчүнө кире турган жаңы Кылмыш-жаза кодексинде Текебаев соттолгон беренелер боюнча жаза чаралары жумшартылган:

- Эгер мурдагы кодекстер боюнча соттолгон адамдын жаза чарасы жаңы кодекстерге карама-каршы келсе жана жаңысында жаза жумшартуу жагына өзгөртүлгөн болсо, анда иштер да кайра каралып чыгууга тийиш. Андыктан автоматтык түрдө бул иш 1-январдан тартып кайра каралып чыгышы керек болот.

“Адилет” борбору укуктук талдоо жүргүзүп, ушундай тыянакка келген. Талдоонун жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинде талкууланып, жыйынтыгында Башкы прокуратурага Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кат жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин “пара алды” деген көрсөтмөсүнүн негизинде 2017-жылы сегиз жылга соттолгон. Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун мындай өкүмүн кийин Жогорку сот да күчүндө калтырган. Соттолгондор бул өкүмдү саясий куугунтук катары баалап келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG