Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Ысык-Көлгө медициналык туризмди өнүктүрүү каралып жатат

Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

12-декабрда парламент жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Ысык-Көл аймагында медициналык туризмди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

- Ысык-Көл аймагында эс алуу сезону орто эсеп менен он бир күн экен. Курорт болушу керек. Медициналык туризмди Ысык-Көлдө жана Бишкекте өнүктүрүшүбүз керек, - деди ал.

Кыргызстанда бийлик туризм кирешелүү тармак экенин белгилеп, аны өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Кыргызстанга келген туристтердин 70% КМШдан (Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөр) келгендер, алардын көбү Ысык-Көлгө барышат. Ал эми саякатчылардын 30 пайызын Түркиядан, Кытайдан, Индиядан, АКШдан, Түштүк Кореядан, Германиядан, Франциядан, Грузиядан, Улуу Британиядан, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттен келгендер түзөт. (ТSh)

XS
SM
MD
LG