Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:31

Милиция: Зайналиевге өлкөдөн чыкпоо милдеттендирилди


Ашым (Хашим) Зайналиев.
Ашым (Хашим) Зайналиев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы табып Ашым (Хашим) Зайналиевди өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирди. Бул тууралуу ушул мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Жогорку Кеңештин жыйынында эч кандай медициналык уруксат кагаздары жок эле бейтаптарды дарылаган Ашым Зайналиевдин оорулууларды кабыл алган үйү жабылаарын билдирген.

10-декабрда Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталганы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей тургандыгын эскертүүдө.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандары болгон. (SE/TSh)

XS
SM
MD
LG