Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

13-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,

Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында 13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG