Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Страсбургда ок аткан адам изделип жатат


Франция полициясынын атайын күчтөрү. Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.
Франция полициясынын атайын күчтөрү. Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.

Франциянын чыгышындагы Страсбург шаарында Иса пайгамбардын туулган күнүн утурлай уюшулган базардын жанында куралчан адам ок атканда үч кишинин өмүрү кыйылып, он экиси жарадар болгон.

Азыр ал кишини коопсуздук күчтөрүнүн жүздөгөн өкүлдөрү издеп жатышат.

Кылмышка шектүү адам 11-декабрдын кечинде бул аймакта адаттагы антитеррордук операциянын алкагында күзөттө жүргөн аскерлер менен атышкан соң качып кеткен.

Франциянын коопсуздук кызматтары ал экстремист катары шек саналып, байкоодо турган адамдардын тизмесинде болгону аныкталганын билдирүүдө.

Өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү боюнча прокурору окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду, бирок кылмышка шектүүнүн ок атышынын себеби азырынча белгисиз болуп турат.

Ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, коопсуздук чараларынын деңгээли көтөрүлдү. Чек араларда, майрамдык базарларда көзөмөл күчөтүлдү.

2015-жылдан бери Францияда исламчыл согушкерлер бир нече ирет кол салган соң коопсуздук иш-чараларынын деңгээли буга чейин да көтөрүлгөн болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG