Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран боюнча жыйынга чогулат


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтурумунда. 27-сентябрь, 2018-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 12-декабрдагы отурумуна АКШдан мамлекеттик катчы Майк Помпео да катышканы жатат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул олтуруму Ирандын аскердик кол башчыларынын бири Тегеран жакында баллистикалык ракетасын сынаганын ырастагандан кийин өтүп жатат.

Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусундагы аэрокосмос боюнча бөлүктүн кол башчысы, генерал Амирали Хажизаде 11-декабрда “биз ракеталарды дагы эле сынап жатабыз жана акыркысы эң маанилүү сыноо болду” деп айткан. Бул тууралуу “Фарс” жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Коопсуздук кеңеши Ирандын 1-декабрдагы ракета сыноосун буга чейин да караган. Франция менен Британия Ирандын ал кадамын “чагымчыл, туруктуулукту бузуучу жана кооптуу” деп аташкан. АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2015-жылы көп тараптуу өзөктүк келишимдин алкагында кабыл алынган №2231 резолюциясын Иран бузду деп эсептеген. Орусия болсо Иран ракеталык сыноолорду жасоого укуктуу экенин айтып чыккан.

№2231 резолюция Иранды өзөктүк дүрмө алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталарды сыноодон карманууга чакырат, бирок буга түздөн-түз тыюу салбайт.

Ирандын билдирүүлөрү боюнча анын ракеталык программасы “коргонуу гана максатын көздөйт жана өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган ракеталардын фондун түзүүгө багытталган эмес”.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда ага Иран баллистикалык ракеталарды утур-утур сынап, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү террордук топторду колдоо менен бул келишимдин "маңызын" бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG